Талас шаардык байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Талас шаарындагы “Кыргыз почта” ишканасынын кызматкерлери пенсионерлердин акчасын алдамчылык менен алып жүрүшкөнү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган почта бөлүмүнүн кызматкерлери пенсия алуучулардын кол тамгасын өздөрү жасап, жарандарга 19 744 сомду төлөп беришкен эмес.    

Учурда мамлекеттик кызматкерлерге карата КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 315-берене (кызматтык жасалмачылык), 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) жана 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголду. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jemile
2015-07-21 17:02:28
Жегенде ширин беле?
Эми ачуу кусасыңар?
0
MIRlan
2015-07-21 17:17:00
Таааң гөрү, сүрөттөгү 5000-диктерди карагылачы. :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан