Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Талас райондук прокуратурасына А.Т. аттуу жаран кайрылып, эки милиция кызматкери жана белгисиз эки бала тосмо арыз жаздыруу үчүн ур-токмокко алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, эки кызматкерге кылмыш иши козголгон. Учурда иш Талас райондук сотуна жөнөтүлдү.
Айта кетсек, 2014-жылы арыздануучу А.Т. мал уурдоо фактысына шектелип кармалган. Аны жогоруда аталган милиция кызматкерлери күнөөсүн моюнуна алдыруу үчүн кыйноого алышкан. Мындан улам эки кызматкерге кылмыш иши козголгон.