Жылнаама, 22-июль: Мындан 5 жыл мурун АКШнын Чистэти коругунда зеброид туулган

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы орус эстрада ырчысы, акын жана композитор Олег Газманов Орусиянын Калининград облусундагы Гусев шаарында туулган. Ал 1973-жылы Калининграддагы Деңиз инженердик жогорку училищесин бүтүрсө, ал эми 1981-жылы Калининград музыкалык окуу жайын аяктаган. 
1989-жылы Олег Газманов "Эскадрон" тобун түзүп, эл алдына чыга баштаган. Ырчынын аткаруусундагы хитке айланган ырлар: "Путана", "Эскадрон", "Есаул", "Господа офицеры", "Москва", "Морячка" ж.б.
 
* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес АКШнын Техас штатындагы Гранд-Прейри шаарында туулган. Селена 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” (“Барни и его друзья”) мультсериалына тартылып калган. Мындан кийин “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя” (“Ещё одна история о Золушке”), “Ханбийкелерди коргоо программасы” (“Программа защиты принцесс”), “Ханна Монтана” (“Ханна Монтана”), “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” (“Дети шпионов 3: игра окончена”) жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Бара-бара ырчылыкка да аралаша баштап, 2009-жылдан тартып “Селена Гомес жана сахна” (“Selena Gomez & the scene”) аттуу поп-рок тобун түзүп, өзү анын вокалчысы болуп калат. Алардын дебюттук альбому “Өп жана айтып бер” (“Kiss & tell”) деген аталышта ушул эле жылы чыккан. Селена Гоместин ырлары поп-рок, дэнс-поп, синти-поп стилинде. Ырчы жаш болгону менен, кайрымдуулук жаатында да таанымал болуп, 2009-жылы 16 жашында ЮНИСЕФтин тарыхында эң жаш ыктыярдуу элчи болгон.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы АКШнын Чистэти коругунда зеброид туулган. Анын энеси эшек, атасы зебра болгон. Атасынан 4 бутундагы “ак-кара сызыктуу байпак” гана энчи тийген. 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям уулдуу болгон. Кейт Миддлтон Лондондогу Ыйык Мария төрөт үйүндө көз жарып, ымыркайдын салмагы 3 килограмм 800 грамм болгон. 
"Кейттин толгоосу башталыптыр" дегенди уккан эл төрөт үйүнүн астына топтолуп, мураскердин жарыкка келишин күтүп турган. Ал тургай жаңы төрөлгөн баланын урматына Лондондун негизги аянтында турган жоокерлердин кийими, басканына чейин алмашып, эң белгилүү "Күн" журналы бир күнгө атын "Уул" кылып өзгөрткөн. Ошондой эле мураскердин урматына 102 замбиректен ок атылып, жалпыга жар салынган. Ымыркайга Жорж Александр Луи деген ысым ыйгарылган.
22-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
cristiano
2015-07-21 21:07:13
Zebroid sonun eken.
+1
bolotbai
2015-07-21 22:39:15
Мен биринчи эле ачканда Олег Газмановду коруп алып ушулбу зеброид деп чочуп кетттим.
+4
sumka
2015-07-22 08:34:52
bolotbai, men dagy ))))))
0
argen.kg4
2015-07-22 08:10:02
Ха ха мен да Газманов не кылып журот?Тема зеброид деп журотго дедим
0
Medina87
2015-07-22 08:25:55
Зеброид туурасында; Не эксен ошону оросун.
0
don_quixote
2015-07-22 09:48:21
Олег Газманаов - ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-07-22 12:08:46
don_quixote - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан