Кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташууну чектеди. АКШ өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү
боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго бүгүн, 21-июлда премьер-министр
Темир Сариев кол койду. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган
Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болду.
Бул токтомго жана Кыргыз Республикасынын "Эл аралык келишимдер жөнүндө" мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 20-августунан баштап кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим күчүн жоготот. Токтомдун күчүнө кириши менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги макулдашуу жокко чыгарылганын белгиленген тартипте АКШ тарапка кабарлайт.
Айта кетсек, жакында кыргыз өкмөтү 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши боюнча билдирүү жасаган. Билдирүүдө
А.Аскаровдун аталган окуянын башталышына, укук коргоо кызматкеринин
мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө күнөөлүү экени Кыргыз Республикасында
соттун бардык инстанцияларында далилденгени, ошол адамдын сыйлык алышы
кыргыз тарапты тынчсыздандырары айтылган эле.
"АКШнын
Мамлекеттик департаментинин А.Аскаровго сыйлык берүү чечими Кыргыз
Республикасы менен АКШнын ортосундагы достук мамиленин деңгээлине шайкеш
келбейт жана кыргыз өлкөсүндө улуттар аралык биримдикти жана ынтымакты
бекемдөө боюнча өкмөттүн аракетине зыянын тийгизет. Ошондой эле коомдогу
стабилдүүлүккө жана жарандык тынчтыкка коркунуч жаратат.
Буга
байланыштуу кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган
көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтыкка байланышкан макулдашуудан
бир тараптуу чыгууну демилгелейт",- деп айтылган өкмөттүн билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын
Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Азыр ал
абакта. Жакында кыргыз жериндеги укук коргоочу уюмдардын бири
А.Аскаровдун катуу ооруп жатканын айтып, аны эркиндикке чыгаруу тууралуу
билдирүү жасады.