Кечээ, 21-июлда Бишкекте “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагы өтүп, анда 19 жаштагы Таттыбүбү Самидин кызы жеңүүчү деп табылды. Ал 19 сулуу кыздын ичинен калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Айта кетсек, кыздар өздөрүн тааныштыруу, кыргыз бийин бийлөө, ыңгайсыз суроолорго жооп берүү жана кече көйнөгүн кийип чыгуу боюнча сынактардан өтүштү.
Бийкечтер кийимин алмаштырып жаткан учурда келген конокторго бийчилер жана ырчылар көңүлдүү маанай тартуулашты. Сынак жакшы өткөнү менен, аягына келгенде калыстар жеңүүчү кызды тандай албай көпкө ойлонушту. Бир сааттан ашык убакыт ойлонгон калыстар эки ирет чогулуп, кыздарды кайра сахнадан бастырып өткөрүштү. Жыйынтыгында “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” деп 19 жаштагы Таттыбүбү Самидин кызын аташты. Ал Кытайда өтө турган “Дүйнө сулуусу-2015” сынагына катышат.
“Мен, биринчиден, жетишкен ийгиликтерим үчүн Жаратканыма, ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Бул сынакта жеңүүчү аталуу мен үчүн оңойго турган жок. Үч ай бою аябай даярдандым. Бүгүн утам деп ойлогон эмесмин, анткени менин кече көйнөгүмдү алып келе турган дизайнерим кечигип, сынактын акыркы баскычына чыга алган жокмун. Ошентсе да мени байкаган калыстар тобуна чоң рахмат. Буюрса, кыргыз элимди эл аралык сулуулар сынагында татыктуу даңазалайм деп ишенем”,- деди Таттыбүбү.