Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 00:12 чамасында болгон. Анын очогу Жар-Башы айылынан 25 чакырым жана Шибе айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү эпицентринде 3 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.