Күндүн ысышынан улам Чүй облусундагы дарыялардын деңгээли көтөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-июль күнү саат 18:45 чамасында Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын деңгээли көтөрүлүп, Арашан айылында жайгашкан “Электрик” дачалык аймагында ички чарбалык жолдорду суу каптаган. Ошондой эле 6 үйдү суу каптоо коркунучу пайда болгон. Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү барып, кырсыктын алдын алуу иштерине жетекчилик кылды. Учурда ал жакта суудан коргоочу дамбаны куруу иштери жүрүүдө.