Ош-Папан-Кожо-Келең жолунун 62-чакырымына сел калдыктары толуп, жол каттамы убактылуу жабык. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-июль күнү саат 17:30 чамасында Кара-Суу районунун Кара-Гур айылында катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Сел суулары 5 турак үйдүн ичине кирип, ФАПтын жана мечиттин пайдубалдарына сел калдыктары толуп калган. Ошондой эле жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары да үзүлгөн. Учурда айылда электр жарыгы жок. Ал эми тиешелүү кызматтар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.