АКШ менен кыргыз бийлигинин мамилесинин бузулушу Кыргыз Республикасында АКШ каржылаган көптөгөн программалардын токтошуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын кыргыз жериндеги элчилигине шилтеме берүү менен "Рейтер" жарыялады. "Биз кыргыз өкмөтүнүн кызматташтык тууралуу келишимди денонсациялоо чечиминин техникалык таасирин изилдеп жатабыз",- деп айтылат билдирүүдө.
Мындай эскертүүдөн көп өтпөй, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койду. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болду.
Бул токтомго жана Кыргыз Республикасынын "Эл аралык келишимдер жөнүндө" мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 20-августунан баштап кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим күчүн жоготот.