Кыргыз мамлекетинде коррупциялык, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш начар жүрүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 21-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жарым жылдык ишинин жыйынтыгы талкууланган жыйында билдирди.
Маматалиев экономикалык кылмыштардан 774 миллион 297 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталса, анын 401 миллион 329 миң сомунун орду толтурулганын, мунун ичинен казыналык аркылуу бюджетке 319 миллион сомдон ашуун каражат түшкөнүн билдирди. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 199 миллион сомго көп экени айтылды.
"Жалпылап алганда, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү абдан начар болууда. Мамлекет жетекчилиги койгон талаптын алдында мындай көрсөткүчтөр силерге жакшы баа бербейт",- дейт вице-премьер.