Бүгүн, 27-февралда Ысык-Көл облусундагы ар кайсы тармакта эмгектенген алдынкы жаш адистерге, мектеп окуучулары менен студенттерге «2012-жылдын мыктысы» наамы тапшырылат. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан кабарлашты. Аталган наам 30 жаштан жогору эмес 15 адамга берилмекчи. Белгилүү болгондой, сыйлыкка ат салышкан жаштар 10-февралдан баштап облустагы район, шаарларды өнүктүрүү боюнча сунуштарын, жыл ичинде жетишкен ийгиликтерин белгилеген документтерди атайын комиссияга беришкен. "Бүгүнкү күндө чогулган документтер комиссия тарабынан текшерүүдөн өттү. Иш-чара жаштардын ишин стимулдаштыруу, жаштарга колдоо көрсөтүү жана эмгек чөйрөсүндө көрсөткөн жетишкендиктери үчүн сыйлоо максатында уюштурулуп жатат", - дейт аталган министрликтин өкүлү Гүлнура Мамырова.