"Согушкерлерге жардам берди" делип кармалган Максат Кунакунов 2 айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакуновду камакка алуу чечимин чыгарды. Маалым болгондой, тергөө иштери аяктаганга чейин экс-депутат УКМКнын СИЗОсунда 2 айга убактылуу кармалат. Бул тууралуу 22-июлда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.  
Айта кетсек, Кунакунов "Манас" аэропортунан 20-июль күнү таңкы саат 04:00 чамасында өлкөдөн сырткары учканы жатканда кармалып, СИЗОго 48 саатка киргизилген эле. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы, ошондой эле Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты - Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаганы аныкталды. Мындан тышкары Т.Жумагуловдун тобу бир катар каржы мекемелерине кол салып, алардан алынчу акчаларды өлкөдө баш аламандык чыгарууга, террордук иштерди уюштурууга жумшоо планы болгону айтылды.  
Эскерте кетсек, Максат Кунакунов убагында "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
realmadrid.
2015-07-22 15:52:55
2 ай элеби
+4
Rifle
2015-07-22 21:27:36
Иши каралып буткондон кийин дагы коопко отургузат. Политикалык оюн башталды.
0
mirlan15
2015-07-22 16:27:19
Аныкталды дейт ,эгер Биз карапайым калктар болсок камап салышмак.
0
Ajar.
2015-07-22 17:04:18
//Т.Жумагуловдун тобу бир катар каржы мекемелерине кол салып, алардан алынчу акчаларды өлкөдө баш аламандык чыгарууга, террордук иштерди уюштурууга жумшоо планы болгону айтылды//
Тариэл (Тоха) жана Канатбек Усубалиев - экөө тең Нарындан экен. А жакында эле почта кызматкерине кол салуу болуп, көп суммадагы акчаны (башында 7 млн., кийин 2 млн. деп чыккан) тоноо аракети да Нарында катталды эле. Булардын байланышы жокпу деген ой кетип жатат...
+2
Takai
2015-07-22 17:14:12
2 ай багып эмне кыласынар? Азыр эле чел өлкөгө "узатып" жибергиле да. Ансыз деле кетете турган аял кетет деген кеп бар го. Же таш түшкөн жеринде оор деп отургузуп коюшабы? Эми соттун алкымына жараша дечи. Анын оозуна көбүрөөк салса, акталуунун аягы деле алыс эместир. Мына бизде ушундай. Ишенген эрендер элине кастык кылып жатат.
+3
yrysbek
2015-07-22 19:17:50
Мезирейтпей муну ХХХ ХХХ
+2
admin_portal
2015-07-23 12:07:11
yrysbek - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
basyz-kaman.
2015-07-22 21:19:25
Тергөө иштери аяктаганга чейин 2 айга камалды деп жатат, демек тергөө иштери аяктагандан кийин күнөөсү бар же жок экендигин сот аныктайт. Менимче террорго аралашкан адамды койо бербейт камалып кетсе керек.
0
Sake80
2015-07-22 21:44:33
Бул эмес канча чуу болгон эшек бизнес деле дым болуп жок болуп кеттиго
+1
make2
2015-07-23 00:37:40
Эки ай соодалашышат да анан соодага жараша жыйынтык чыгарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан