Ош шаарынын мурдагы башчысынын агасы Кеңеш Мырзакматовго козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мырзакматовго козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кеңеш Мырзакматов 2012-2014-жылдар аралыгында “Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып берем” деп бир канча жарандан 13 миллион сомго жакын акча алган. Анын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандардын саны 19га жеткен.

Айта кетсек, Кеңеш Мырзакматов үстүбүздөгү жылдын май айынын башында кармалып, 2 айга камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан