Бүгүн, 22-июлда Балыкчы шаарында Бишкек-Балыкчы жолунун оңдоодон өткөн бөлүгүн ишке берүү аземинде президент Алмазбек Атамбаев элди тазалыкты сактоого үндөп, Ысык-Көлдүн тегерегине канализация салуу зарылчылыгын айтты.
Өлкө башчы кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдүн экологиясы жөнүндө сөз кылып, аны таза кармоо ар бир жарандын колунда экенин белгиледи. “Ар бир облустун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Ысык-Көл облусунун биринчи кезекте келечеги туризмде. Ошондуктан анын айланасына жол салабыз, бирок Ысык-Көлдүн өзүн да ойлоп койбосок болбойт. “Анын келечекте экологиясын канткенде сактайбыз, суусун кантип таза кармайбыз?” деп ойлонуш керек. Мына, "Кумтөр" эле дейбиз, ал эми көлдүн тегерегин курчаган эс алуучу жайлар кандай зыян алып келүүдө? Ысык-Көл бир булганса тазаланбайт. Чындыгында, ушул көлдүн экологиясын ойлош керек. Ал үчүн биздин өкмөт көлдүн тегерегине атайын канализация, экология деген систем түзүшү керек. Билесиңер, Ысык-Көлгө суулар кирет, бирок чыкпайт.
Ысык-Көлдөй кооз жер дүйнөдө жок. Албетте, мен кыргызмын, өзүмдүн көлүмдү мактайм. Бирок жакында эле Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “мен канча жерге барсам да, Ысык-Көлдөй көлдү көргөн эмесмин” дейт.
Урматтуу менин мекендештерим, өзүбүздүн элди сыйласак, жакшы көрсөк, көрүнгөн жерге ар кайсыны таштабай, тазалыкты өзүбүз сактасак. Болбосо аны бизден башка ким карайт?”- деп белгиледи президент.