Жылнаама, 23-июль: Мындан 26 жыл мурун Гарри Поттердин образын жараткан англиялык актёр Дэниел Рэдклифф төрөлгөн

* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова төрөлгөн. Балетке кызыгуусу 6 жашында башталып, ошондон тартып бийге бара баштаган. 4 жылдан кийин профессионалдык багытта балет тарапка ооп, 10 жашынан баштап балет окуу жайына кирип окуп калган. 13 жашында Майрам Акаева уюштурган “Жаш таланттар” сынагында алгачкы жолу сахнага чыгып, ийгиликке жетишкен. 18 жашында училищени аяктап, театрда иштеп калган.

Театрда алгачкы жолу “Ак куу көлү” балетиндеги Одетта менен Одиллиянын ролун ойногон. Ошондон тартып Чолпонбек Базарбаев сыяктуу кыргыздын белгилүү балет бийчилери менен биргеликте дүйнөлүк гастролдорго чыга баштаган. Асел Айдарова 2010-жылы маданиятка жана искусствого кошкон салымы үчүн КРнын Ардак грамотасына татыктуу болуп, 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган.

* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы ырчы Гүлжигит Калыков Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Мектепти Чүй облусунун Сокулук районунда аяктап, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономикадагы прикладдык информатика факультетине тапшырган. Ошол эле маалда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп, бирок өзүнө жогорку билим маанилүү деп чечип, ал окууну 2 жылдан кийин таштап койгон.
Гүлжигит алгач "Күттүм сени" аттуу ырды аткарып чыккан. 2011-жылы режиссёр Нурлан Разакуловдун “Сулуулар жана миллион” деген тасмасында башкы ролдордун бирин жараткан. 2012-жылы 14-январда Түркияда Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр өлкөлөрү арасында өткөн "Евразия жылдызы" музыкалык сынагынын финалы болуп, Гүлжигит жеңүүчү деп табылган.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы Гарри Поттердин образын жараткан англиялык театр жана кино актёру Дэниел Рэдклифф Лондондо төрөлгөн. 30дан ашык тасмада роль жараткан Дэниел Рэдклифф карьерасын 1992-жылы баштаган. Ал алгачкы жолу 1999-жылы "Дэвид Копперфилд" аттуу тасмада Дэвид Копперфилддин бала чагын ойносо, 2001-жылы чоң экранга "Портной из Панамы" ("Панамадан чыккан бычмачы") тасмасына тартылган. Бирок ага атактуулукту Гарри Поттердин ролу алып келген. 2009-жылы Дэниел Рэдклифф "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп акча төлөнгөн актёр катары кирген.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы деңиз желмогуздары тууралуу уламыш тастыкталган. Тасман аралдарынын жээктеринен салмагы 250 килограмм, тинтүүрлөрүнүн узундугу 15 метрге жеткен кальмардын денеси табылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы британиялык белгилүү ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус баңгизатын көп өлчөмдө колдонгондугунун натыйжасында каза тапканы айтылган.
Музыканын R&B, соул, жаз жанрларында ырдаган Эми Уайнхаус 1983-жылы 14-сентябрда Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген.
23-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman.n
2015-07-22 20:09:12
гаринин кинолору сонун ким дер гана таныбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан