СИЗОдогу Коркмазов Данияр Нарымбаев менен беттешүүдө анын 100 миң доллар суратканын бетине айтты

Бүгүн, 22-июлда Данияр Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилди. Анда Коркмазов Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар суратканын Нарымбаевдин бетине айтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү билдирди. Коркмазов Түлеевдин жакындарынан 7-майда 50 миң доллар алып, Нарымбаевдин колуна тапшырганын да Нарымбаевдин көзүнчө айтты. "Нарымбаев аталган сумманы алганын же албаганын азырынча айта албайбыз",- деди басма сөз кызматкери.

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн, 22-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Нарымбаевге Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылды.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Депутат Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Депутат Коркмазов учурда СИЗОдо.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева да жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда. Мындан тышкары бул чуулгандуу ишке катыштыгы бар делинип Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековдун да ысымы аталган. Маалыматтарга ылайык, Турганбеков азырынча суракка чакырыла элек. Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2015-жылдын май айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жерди мыйзамсыз сатуу боюнча Нариман Түлеевге карата дагы бир кылмыш ишин ачкан.
Данияр Нарымбаев: "Түлеевдин кызынан пара сураган эмесмин"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
edu.k
2015-07-22 22:18:36
Кызыктар эми башталат шайлоо али алдыда....СДПК шайлоодо артын тазалаш учун нарымбаевди ыргыта чабышат,анткени баардык балеенин баары ошол партияда. Ошондуктан ажобуздун кадыр баркы учун нарымбаев учуп кетиши мумкун. Корупция, парламентте окмотто дегеле чиновниктердин таман астында турган сон,корупцияга каршы курош болуп жатат деп гана курук соз менен айтылып кала бермекчи. Чындыгында ушул беш жыл ичинде ойго келгис тушко киргис нерселер болуп оттуго чиркин,эшектин этин жегенге чейин бардык.
+1
edu.k
2015-07-22 22:26:58
Тулеевдин канчалык денгеелде куноосу бар экенин сот тармагы толук териштирип карабастан,жогорку жактын чечими менен же кимдир бироолордун кызыкчылыгы учун 11жылга кесип уймулкун бут тартып алышты. Албетте тулеевдин куноосу бар чыгар бирок ошол куноосун толук мойнуна койо алышпады. Дагы бир мисал бакиевчилер деген соз азыркы бийликтин дежур создору,бакиевчилерге басым корсотуу деген да азыркы бийликтин калк алдында аброй топтоо учун атайын тактикасы.
0
Sadyrov_n93
2015-07-22 22:34:34
Менин бул ишке эч кандай катыштыгым жок дегенин кара дагы бул кыйындын. Элдик сот болгондо жакшы болмок эле буларга окшогон тойбоссторго. Балээнин башталышы гана бул,а наркы дуйнодо кантет экенсин а шору бар...
0
OTYPBARATYPELEEE
2015-07-22 22:41:23
Нариман аганын кызы эркек экен. Акчага тойбогон "камандарды" карматканы эн сонун болду да. Оз чонтоктору учун олуп талып иштешет млндор менен мамиле кылышып. Эл учун ушундай иштесенер гана?! Хаджи брат шумшундоп доляны элестетип иштей калам деп конкретно чабылганына эми окунуп жаткандыр. Данко брат танып маек бергенде жаны ачып ачыгын айткан экен. эээ ушундай шермендечиликтен Кудай сактасын.
+1
marmiladka9
2015-07-22 22:42:38
Коркмазов коркпоптур да. Ажобуздун арты анык ачылып келетат эми. Мычкымалар!
+2
edil.kg
2015-07-22 22:54:38
рахмат урматтуу паракор жепутат чындыкты айтканыз учун баарын токпой чачбай айтып беринн кутобуз
0
Sopsonun
2015-07-22 23:09:41
Урматтуу алтындарым, СДПК менен эч кандай тиешеси жок бул нерсенин.. Кулкумду келтирди жазганынар. Данияр Ильич СДПК эмес. Жон эле чиновник. Кандай болсо да кунолуулор жазаланыш керек. Ал эми Чыныбай Акуновичтин куноосу болсо ал да камалышы керек. Анын эч кандай жок, бирок.
+1
Edik_86
2015-07-22 23:15:20
оохоо атан гору десе эми ойлоно берип нарынбаев агабыздын журогу приступ кармайт анан адвакаты чыгат германияга операця кылыш керек ото жакында кыргыздын чыгаан уулу данияр нарыбаевтен айрылып калабыз деп коркутуп
+1
make2
2015-07-22 23:38:11
Арам акчадан көңүлдөрү калбайт экенда, Акаев, Бакиев, Конга, Түлеев, Келдибеков ошолор сабак болдуго, кыргыз эли үчүн иштеп койсо тарыхта каласыңар, аксакал болуп калдыңарго
0
zhykyo
2015-07-22 23:45:16
Кайран десе болбой эле жеген экенсин да сага ишенип берген жумушту таза иштеп кетсен жузун жарык журот эленго колун менен кылганды мойнун менен тартыш керек башка эмне дейбиз
0
bei
2015-07-23 00:15:10
Shaarga barganda eldin kobu ele kileigen 20 min dollardan oido mashina aidap jurgonun korom.Tan kaldum ele kaidan akcha alat dep. Chet jakta ichip jebei chogultkan akchan da jetpei mundaiga. Korso 100 mindep para alsa anan alat eken da.Degi azurku zamanda eptep ele bauip akcha tabush kerek bolup kaldu.
0
kama_future_millioner
2015-07-23 01:58:17
Балык башынан сасыйт, ушундай адамдар эл өкүлдөрү эл адамдары болуп турганда кыргыз мамлекети өнүкпөйт бизге тазаа коом таза ой таза иш керек.
0
NurbekKG
2015-07-23 02:07:53
Атамбаевдин кадыр-баркы 2 миллион сомго, Илмияновдуку 1,8 миллион сомго бааланды эле, ал эми Нарымбаев өзүнүн жана командасынын ач көз тамагын эле 350 миң доллар же 20 миллион сомго баалап алыптыр го, рекорд коюп Кыргызстанда....
0
Bektash
2015-07-23 15:46:22
Данияр өзү кете бербей айтыш керек, дагы кимдер бар экенин.Чыныбай барбы, же дагы башкасыбы.. Болор иш болду боесу канды, жашыра турган эч нерсе калбады.
0
bah_tee
2015-07-26 16:17:49
Аларды соттоп убакыт кетирип башынарды оорутуп эмне кыласынар экоонон да 1 миллион доллардан пара алып койо бергиле силердагы аны соттоп башынарды оорутуп эмне кыласынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан