Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 4, Чүй облусунда 5, Бишкек шаарында 2, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында бирден өрт кырсыгы болгон.
Сокулук районунун Конуш айылында 800 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.