Алматынын Наурызбай районунда суу ташкындап, 270 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүн түнү Каргалинка дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Достук, Ак-Жар айылдарын жана аталган райондун айрым көчөлөрүн суу каптаган. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Учурда №176-орто мектепте жана Наурызбай райондук администрациясында калкка медициналык, психологиялык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ал эми суу ташкындын кесепеттерин жоюу үчүн атайын техникалар тартылып, Жарандык коргоо комиссиялары иштеп жатышат.