ТИМ АКШ менен келишимди денонсациялоо тууралуу түшүндүрмө берди

Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялоо тууралуу түшүндүрмө берди. Түшүндүрмөдө "Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан сыйлык берилиши өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктагы тең укуктуулукка шек келтирди" деп айтылат. 

"Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты коңшу мамлекеттер жана дүйнөнүн ири державалары, ошондой эле алдынкы эл аралык уюмдар менен стабилдүү достук мамилелерге негизделген. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара байланыш теңчилик, өз ара кызыкчылыктарды эске алуу жана эл аралык укуктун ченемдерин милдеттүү түрдөө сактоо шарттарында түзүлүшү керек.

Бирок этникалар аралык араздашууга от жагып, массалык баш аламандыкты уюштурууга, 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуяларда укук коргоо органдарынын кызматкеринин өлтүрүлүшүнө катышкандыгы үчүн өлкөнүн бардык соттук инстанцияларынан жазаланган Кыргыз Республикасынын жараны Азимжан Аскаровду АКШнын Мамлекеттик департаментинин "Адам укуктарынын коргоочусу" сыйлыгы менен сыйлоосу боюнча АКШнын аркыркы аракети эки мамлекеттин ортосунда эки тараптуу кызматташуунун конструктивдүүлүгүнө жана тең укуктуулугуна шек келтирди. Кыргыз Республикасы өлкөдө оор кылмышы үчүн жазаланган адамдын мындай наамды алышын таптакыр тааныбайт жана кабыл албайт.

А.Аскаровдун "Адам укуктарынын коргоочусу" сыйлыгы менен сыйланышын кыргыз тарап эл аралык терс резонанс чакыруу жолу жана элдин биримдигин жана өлкөдөгү жалпы ынтымакты бекемдөө процессине жолтоо болуучу фактор катары кабыл алды.

Кыргыз Республикасы өлкөдө демократиянын бекемделишине жана анын социалдык-экономикалык жактан өсүүсүнө болгон АКШнын колдоосун жогору баалайт жана стратегиялык өнөктөш катары АКШнын олуттуу ордун баса белгилейт, ошону менен бирге эле эки тараптуу мамилелерге Кыргыз Республикасынын демилгеси менен эмес, чоң бир зыян келтирилди деп эсептейт. 

Ушуга байланыштуу мындан ары биздин кызматташуубуз өз ара сый, конструктивдүүлүктүн негизинде өнүгө берерин, ал эми тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтип, тереңдете берет деп белгилейбиз",- деп уланат түшүндүрмө.  


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан