Ырчы Айпери Сыдыкова кыздуу болду

Ырчы Айпери Сыдыкова жолдошун кырк жылкылуу кылып, 22-июлда кыздуу болду. Кубанычын эл менен тең бөлүшкөн ырчы SUPER.KG порталына кызына Баян деген ысымды наристенин чоң энеси тандаганын билдирди.
"Көптөн күткөн кызыбыз кечээ, 22-июлда жарык дүйнөгө келди. Бүгүн атасынын туулган күнү. Туулган күнүнө саналуу сааттар калганда жолдошума да өзгөчө белек болду. УЗИден наристебиздин кыз экени белгилүү болгондон тартып баарыбыз, өзгөчө уулум күтүп жатты. Кайненем өзүм карайм дегенинен өзү иштеген төрөтканада, Кара-Көлдө төрөдүм. Кайненем небересине Баян деген ысым ыйгарды. Ден соолугубуз жакшы. 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлдү. Бою 56 сантиметр",- деди ырчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Takai
2015-07-23 10:54:42
Куттуктайм. Кызындын омуру узун болсун.
0
asil-08
2015-07-23 10:57:33
Акылдуу, ыймандуу кыздардан болсун кудайым омурун узун кылсын.
0
dastan_nookat
2015-07-23 11:20:06
Кызыныздын омуру узун болсун!
0
Aman97kg
2015-07-23 11:52:11
кутуктайм кызыныздын омуру узун болсун
0
lizka.14
2015-07-23 11:55:12
Бактылуу ыймандуу кызын болсун!!!
0
marmiladka9
2015-07-23 11:59:20
куттуктайбыз! Омурлуу болсун.
0
AizaSumaya
2015-07-23 12:05:55
Торолгонуно эмес турганына суйунгуло деген соз бар эмесби кыргызда чын журоктон куттуктайм омуру узуун кыз болсун ата энеси сыймыктанган жана бир туугандары менен ар дайым бир болсун Баян озунчо бир сооонун ысым экееен
0
Medina9384
2015-07-23 13:14:30
Кудайым омуру менен берген болсун.
0
topchievMaKsAtBeK
2015-07-23 13:14:47
Бешик боон бек болсун омурлуу болсун
0
kirgizstan
2015-07-23 14:01:52
Аллах омуру ден соолугу акыл эси менен берген болсун баарыга насип кылсын
0
tursunbaev2004
2015-07-23 15:23:13
Бул ырчы кыз мурун Кыз-Бурак тобунда ырдачу беле?
0
ertur
2015-07-23 15:26:24
кут болсун
0
jany-aryk
2015-07-23 22:24:46
Kutuktaim omuru uzuun kyz bolsun!
0
Marjana5
2015-07-24 01:15:33
Бактылуу кыздардан болсун!
0
Nurluujan16
2015-07-24 02:03:59
Бешик бооңуз бек болсун!!! Кызыңыз чын ден соолуктуу, ыймандуу, эне атасынын баркын билген, сыйлаган ыймандуу кыргыз кыздардан болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан