ТИМ келишимди бузуу тууралуу: "АКШдан жооп күткүдөй кылмыш кылганыбыз жок"

АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы кызматташууну чектөө чечимине байланыштуу Кыргыз Республикасы АКШдан кандайдыр бир жооп күтпөйт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Кыргыз тарап АКШдан кандайдыр бир жооп чараларын күткүдөй эч кандай кылмыш жасаган жок жана бул денонсациялоо аракетибиз АКШнын эл аралык укуктук мамиледеги туура эмес кадамына карата биздин жооп гана болду. Албетте, Америка тарабынан дагы кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн, бирок ал америкалыктардын өзүнө гана тиешелүү болмокчу",- деп билдирет ТИМ.  
Министрлик "Макулдашууну жокко чыгаруудан кыргыз өлкөсү эмне жоготот?" деген суроого да жооп узатты. 
"Бул макулдашуу Кыргыз Республикасынын аймагында макулдашуунун алкагындагы долбоордо иштеген америкалык кызматкер, жумушчулар үчүн ар кандай түрдөгү жеңилдиктерди пайдалануу менен техникалык жана гуманитардык долбоорлордун ишке ашырылышын камсыздаган. Макулдашуунун алкагында АКШ тарабынан бизге көрсөтүлүп жаткан жардамдар кыскартылышы же толугу менен токтотулушу мүмкүн.
Бирок улуттар аралык тынчтыктын жана өлкөбүздөгү ынтымактын бекемделишине каршы атайын жасалган аракет жөнүндө сөз болуп жатканда АКШ тарабынан берилип жаткан бардык жардам маанилүү деле болбой калат",- деп айтылат маалыматта. 
Эскерте кетсек, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койду. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болду. 
Бул токтомго жана Кыргыз Республикасынын "Эл аралык келишимдер жөнүндө" мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 20-августунан баштап кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим күчүн жоготот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан