АКШнын кыргыз жериндеги жарандары кол тийбестик статусунан ажырашат

АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин жоюлушу менен кыргыз жеринде жашап, иштеп жатышкан америкалыктар кол тийбестик статусунан ажырашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин бүгүн, 23-июлдагы билдирүүсүндө айтылат. 
ТИМдин билдиришинче, 1993-жылы кол коюлган келишим боюнча кызматташуу программаларына байланыштуу АКШдан алынып келинүүчү товарлар жана башка буюмдар бажы төлөмдөрүнөн, салыктан жана башка төлөмдөрдөн бошотулган. Ошондой эле АКШ өкмөтүнүн жарандык жана аскерий өкүлдөрү кыргыз өлкөсүндө жүргөн кезде кол тийбестикке ээ болушкан. Кыргыз жеринде 1992-жылдан бери гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш алып барган ЮСАИД уюмуна дагы жеңилдиктер берилген. 
"Макулдашуу күчүн жоготкондон кийин (20-августтан тарта) жогорудагы бардык тармактарга тийиштүү: салык, бажы жеңилдиктери алынат, түрдүү долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасында иштеп, жашап жаткан АКШнын жарандары жеңилдиктерден, кол тийбестик статусунан ажырашат",- деп айтылат түшүндүрмөдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан