Ошто күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 22-июлдан 23-июлга караган түнү Ош шаарынын Анар кичи районунда болгон. Анда 47 жаштагы К.З. өзүнүн 47 жаштагы Б.Б. аттуу күйөөсү менен уруша кетип, ашкана бычагы менен 8 жолу сайган. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Учурда жогоруда аталган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.