Бишкекте парламент депутатынын айдоочусу катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте парламент депутатынын айдоочусу катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда болгон. Анда 1975-жылы туулган Аида Орозбаева жумушка бара жатканда Горький жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде парламент депутатынын айдоочусу Тойота Камри унаасы менен сүзүп алган. Жабырлануучу анын кесепетинен ооруканага жеткирилип, 13-июлда каза болгон.

Учурда “транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ал эми маркумдун жакындарынын айтымында, окуя болгон учурда унаада Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Ибраев жана анын жардамчысы болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlanpiter
2015-07-23 13:25:25
Жаман иш болуптур куноолуу жазасын алышы керек
+1
Bekchoro
2015-07-23 13:31:17
Бул куноо эмес кырсык ал деле атайлап сузбоду да жаткан жери жайлуу болсун.
+1
nurik838383
2015-07-24 00:51:53
озу козунорду май калыын эле басып калды да депутаттар кичине элдин убалынан корккулачы бекер машина бекер жашоо кутуртуп атат да силерди
0
kundulya
2015-07-30 15:31:50
Албетте,кунолуу озунун жазасын алышы керек.Бирок депутат болсо эле дароо жаман ойлошот.Ал деле атайлап кылбады да. Менин оюмча депутаттын куноосу жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан