Жалал-Абад облусунда чек ара режимин бузган эки өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 22-июль күнү Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында чек арачылар тарабынан өзбек жараны кармалган. Анын чек ара режимин бузганы аныкталган. Ошол эле күнү Ноокен районунун Кыргыз-Коргон айылында дагы бир өзбек жараны чек араны бузган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар аймактык УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.