Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 4-августка жылдырылды. Буга төрагалык кылуучу судья Адылбек Субанкуловдун эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Айта кетсек, Бакыт Абдыкапаров "алдоо жолу менен 50 миң доллар алган жана Бишкек шаардык жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келген" деп айыпталууда. Мындан улам УКМКнын Тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.