Аламүдүн районунда 15 жаштагы бала “жездесин өлтүргөн” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 20:30 чамасында Ленин айылындагы үйлөрдүн биринен 42 жаштагы К.Б. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда маркумдун киши колдуу болгону аныкталган.
Алдын ала маалымат боюнча, үй-бүлөлүк маселелерден улам уруш чыгып, 15 жаштагы А.Ш. эжесине болушуп, жездесин сабап салган. Мындан улам жабырлануучу каза тапкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.