Мурдагы эл өкүлү Урмат Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, сот отуруму бүгүн саат 10:00дө башталмак. Бирок төрайымдык кылган судья түшкө чейин башка ишти карагандыктан, Аманбаеванын иши белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутаттын мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.