Жылнаама, 24-июль: Мындан 46 жыл мурун америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес туулган

* Мындан 144 жыл мурун, 1871-жылы еврей ишкери Уильям Шнайдер каруселге патент алган. Тегерек айлампанын үстүнө жасалма аттарды коюп, андан жагымдуу музыка чыгарып, акча табууну биринчи ушул адам ойлоп тапкан.

 
* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы япониялык жазуучу Рюноскэ Акутагава таңга маал өз жанын өзү кыюу менен 35 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Ушунча кыска өмүрдүн ичинде ал артыкча жаңычыл калемгер, таланттуу эссе, новелла жазуучусу катары таанылган. Жазуучу катары "Жүз аарчы" аттуу новелласы менен белгилүү болгон. Андан кийин "Жалгыздыктын тозогу", "Бак", "Аял", "Рояль", "Расёмон дарбазасы", "Мандариндер", "Генерал", "Жылдын акыркы күнү" сыяктуу мыкты чыгармаларды жараткан.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы жердиги пуэрто-рикалык болгон америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес Нью-Йоркто туулган. Дүйнөгө атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан. 7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүр­гөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып апасын сүйүнткөн. 
Ырчылык карьерасын 1987-жылы баштаган. Женнифер Лопес бир канча музыкалык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Алардын катарында 2 жолу "Грэмми" сыйлыгын утканы бар. 2000-жылдары эң популярдуу ырчылардын бири болуп, 2010-жылы ири реалити-шоу деп саналган "American Idol" сынагындагы калыстардын катарын толуктаган. Ал эми 2013-жылы Голливуддагы Даңк аллеясындагы жылдыздардын бирине аты жазылган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Германиянын Дуйсбург шаарында "Сүйүү парады" фестивалы өтүп жатканда катышуучулардын көптүгүнөн улам тыгында 21 киши каза болуп, 511 киши жаракат алган.
24-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан