Данияр Нарымбаев 2 айга камакка алынды

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз билдирди.
Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка камакка алынган эле. Экс-чиновник "Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берүүнү убадалап, анын жакындарынан ири суммада пара алган" деп күнөөлөнүүдө. Бул чуулгандуу окуя менен кененирээк бул жактан тааныша аласыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
kama_future_millioner
2015-07-24 00:20:09
2 ай аз эмеспи эки айдан кийин бултда ооруп калса керек
0
arabica
2015-07-24 01:45:57
Ажап боптур,куп боптур, атыр-патыр жуп боптур!
+1
Dadasdasd
2015-07-24 01:59:29
Индира эжемдин кайырмагына акула тушкон экен.чиркин.
0
Maks_shop
2015-07-24 02:54:13
Неге эки ай
0
Mongol1155
2015-07-24 05:34:21
Бул иш жазылган сценарий боюнча болуп жатат окшойт.1-чи камакка алынат.Суйлошуу учурунда ооруп калат.Соттун иши копко созулат.Убакыт ото берет.Аягы тынчыгандан кийин иш жабылат.Бул иш боюнча Коркмазов медсанчастта жатат.Сценариййдин 1-чи сериясы башталды.
0
aidartegin
2015-07-24 08:38:05
Дегиии сен ооруба...ооруба.....
0
niko-nuku
2015-07-24 08:48:06
Биздин жепжутаттар ушундай ичипжепооруп калаттарга карата кандайдыр бир мыйзам кабыл алып берсе сонун болмок.Бирок карга карганын козун чукубайт дейт эмеспи...
0
Lintel
2015-07-24 09:11:09
Тарапташтары жокбу, бизде чыксын деген митинг кыла койчу эле. менин оюмча шайлоо алдында 'kut корууну максатында сенарий. Шайлоодон кийин акталат Коркмазов камалат.
+1
ertur
2015-07-24 09:22:58
Нарымбаев ото текебер адам экен, Текеберленип Алманбет Шыкмаматовду кетирди эле, эми текеберленип АШАга жакпай калган го
+1
Pantherka
2015-07-24 13:45:30
Эми мунусу пара бере баштайт да ээ мени чыгара коргуло деп, жашоо бумеранг деген ушу да )))))
+1
AiBoru
2015-07-24 15:53:18
Мурда атам апамдар пара алган кишини паракор, суткор деп укмуш жийиркенип айтышчу эле.
Азыр болсо эмнегедир конумуш эле адаттай болуп баратат.
0
joni.joni
2015-07-25 00:36:06
чиновниктердин баарын бир уч кун буттарынан асып койуш керек.ошондо жегендерин кусушат.антпесе жеп алып еле мен аппакмын деп креслону кучактап отура беришеткен.анан аппакмын деп журуп акмак болуп калышат.качаан камап койгондо оорукчан болуп калбай.ошончо акчаны жеп атканда даарыланып алышпайбы.Биздин чондор акчага продукта алып жебей еле акчанын озун еле жешет окшойт.
0
sagynbek_78
2015-07-25 21:06:06
joni.joni, 100 пайыз кошулам
0
Sizge.kat
2015-07-25 08:01:16
Даагы жеп алган акчаларын кустурсун
0
nuris.osh
2015-07-25 14:40:58
Бул эчаак эле камалыш керек эле
0
iliaz-sng
2015-07-25 15:49:34
Мунун $50 000 алганы чын экенго муну камаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан