Сокулук дарыясы турак жайларга кооптуу абал жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-июль күнү саат 10:50дө Сокулук дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ландыш дачалык чегин жана 7 турак үйдү суу алып кетүү коркунучу жаралган.
Дөң-Алыш жана дачалык тилкелерди камсыз кылган электр тирөөчүн агызып кетүү коркунучу болгондуктан, аталган райондун Электр тармактар ишканасы тарабынан бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Саат 14:00дө жээктерди бекемдөө иш-чараларына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана бульдозер жана 200 литр күйүүчү май бөлүнүп, жумуш аткарылып жатат.