Баткен районунда жер кыртышы жарылып, дарыяны бөгөп калуу коркунучу пайда болууда

Баткен районунун Жаңырык айылында жер кыртышы жарылып, дарыяны бөгөп калуу коркунучу пайда болууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарылган жарыктын ортосундагы кээ бир жерлер 40-50 сантиметрге чейин чөгүп кеткен. Көлөмү болжол менен 2 миллион метр кубду түзөт. Ошондой эле Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 32-33-чакырымында да жаракалар пайда болгон. Бүгүнкү күндө унаалар өтө кыйынчылык менен өтүүдө. Жогорудагы аймакта эгерде узак мөөнөт жамгыр жааса же жер титирөө катталса, жер көчкү жүрүп, жолду басып, Көк-Суу дарыясын тосуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан Дара айыл аймагынын жашоочуларынын коопсуздугун эске алып, тез арада алдын алуу зарыл.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Holerik10
2015-07-24 10:42:27
Кудай сактаааа((
+3
kepka
2015-07-24 12:14:10
Жогорудагылар ушул баткенге эч конул бурбайт чек ара маселеси дагы коптогон маселелер турат
+3
Minhi
2015-07-24 13:29:10
Кулап кала тургандайго коркунучтуу
+1
sagynbek_78
2015-07-25 21:00:07
Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан