Өткөн 2 сутка ичинде Талас облусунда баңгизат кылмышы менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кармалгандардын бири Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну К.Р. экендиги белгилүү болду. Анын үйүнөн 120 грамм баңгизаты табылган. Кылмышка шектүү экинчи жаран Талас шаарынан кармалып, андан 37 грамм баңгизат алынды. Учурда бул окуялар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.