16-июлда Бишкектеги атышуудан каза тапкан согушкерлердин сөөктөрү дале жерге бериле элек

Бишкекте террордук иш-аракеттерге каршы операцияда каза болгон согушкерлердин сөөктөрү дале жерге бериле элек. Учурда экспертизалык иштер жүрүп жатканын 24-июлда SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 
Терроризмге каршы мыйзамда белгиленгендей, алардын сөөктөрү жакындарына көрсөтүлбөйт жана кайда көмүлгөнү да кабарланбайт. Учурда өлгөндөрдүн жансыз денелери Бишкек шаарындагы өлүк сактоочу жайлардын биринде сакталып турат. Ал эми маркумдардын жакын туугандары өлгөндөрдүн сөөктөрүн кайтарып берүүсүн талап кылып келишүүдө. 
Айта кетсек, 16-июлда УКМКнын атайын кызматы Бишкектин эки жеринде террордук иш-аракеттерге каршы операция жүргүзүп, жалпы 7 согушкерди колго түшүрүп, 7 согушкерди өлтүргөн. Анын экөөсү кыргыз өлкөсүнүн жараны болгон. Анын бири 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (Тоха) болсо, экинчиси - 1978-жылы Нарын шаарында туулган Канатбек Усубалиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Artyr1994
2015-07-24 11:37:40
Туура кылат бербеш к.к... Эгер ошол куну аларды олтурбогондо Айт намаздагы канчалаган момун мусулмандардв олтурмок
+8
zhykyo
2015-07-24 11:40:12
Мыйзам ооо кучтуу экен
+9
Decmond
2015-07-24 12:08:20
5 оону олтурушту эле го
0
Memory
2015-07-24 13:21:41
Туура! Бербегиле! Канчалаган адамдарды олтурушмок алар.
+5
beben
2015-07-24 14:30:32
Жансыз денени берип койсо болмок эч кимге билдирбей кайакка коммок эленер. Элгеда корсотуп койсо болчудай себеби копчулук ишенбей турат мен дагы
0
Rahim76
2015-07-24 14:30:37
Олгондон кийин баары бир да..Кандай адам болсо да.Бериш керек эми жерге берип алсын туугандары.Мусулманбызго.Бербегенде не пайда.Болор иш болду.
0
malywKG
2015-07-24 16:06:16
5 оо олду элегоо Эми 7 ООО болуп калыптыргоо
0
maksnarin
2015-07-24 19:50:09
Берилбегени туура,берсе булардын жолун жолдоочулар алар комулгон жерлерди мазар кылып алышы мумкун да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан