Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1 өрт болгон.
Ысык-Ата районунда "Тазалык" ишканасына караштуу 300 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.