Түркиянын Аскердик аба күчтөрү Сирияда "Ислам мамлекети" тобу көзөмөлдөгөн 4 аймакка сокку урду. Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, согушчандарга чабуул койгон түркиялык учактар Сириянын чек арасын кесип өтүшкөн жок. Жакында Түркия менен Сириянын чек арасындагы атышууда бир түркиялык аскер жана бир согушкер каза тапкан эле.
Түркия буга чейин Сириянын аймагындагы иштерге, "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүүгө кийлигишпей турганын, бирок өзүнүн чек арасын коргоого бардык чараларды көрөрүн билдирип келген.
"Ислам мамлекети" - террористтик топ. Ирак менен Сириянын өзү басып алган жерлеринде халифат жарыялап келет. Ирак бийлигинин маалыматы боюнча, топтун 200 миңдей мүчөсү бар, АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы согушчандардын саны 30 миңдей экенин жарыялаган. Топтун күндөн-күнгө кулач жайып жатышы дүйнө коомчулугун тынчсыздандырууда.