“АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялаганы үчүн келечекте премьер-министр Темир Сариев коррупция же кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жоопко тартылышы мүмкүн”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн, 24-июлда аталган тема талкууланган жыйында. Депутаттын айтымында, премьер-министр эч кандай талкуусу жок, мамлекет үчүн маанилүү болгон документти өз алдынча чечип койду.
“Мен экс-министр катары айта алам, буга окшогон келишимдерди денонсация кылуу үчүн министрлер менен талкуулоо керек. Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, коомчулукка билдирилип, анан кабыл алынышы керек болчу. Менин өздүк булактарым билдиргендей, Сариев өзү биринчи документке кол коюп, андан кийин министрлерге кабарлаган. Премьердин айтымында, 1993-жылы кабыл алынган документ Жогорку Кеңештин добушу жок эле чечилет. Бирок бул чечим маанилүү болгондуктан, коомчулуктун талкуусуна чыгышы зарыл болчу.
Келечекте бул боюнча иликтөө жүргүзүлсө, Темир Сариевге кылмыш иши козголушу мүмкүн”,- деди депутат.