Орусиянын Екатеринбург шаарында полиция эки өспүрүмдү издөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 23-июлга караган түнү өспүрүмдөр аталган шаардын Семь ключей кичи районунда жайгашкан Жашы жете электер үчүн убактылуу кармоочу жайынан качып кетишти. Алардын бири - 1999-жылкы Владимир А., Тюмень облусунун Тугулым айылынын тургуну. Ал автоунаа уурдоо боюнча соттолгон. Экинчи өспүрүм - 1998-жылкы кыргыз жараны Дамирбек П. Ал Орусиянын аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн соттолгон.