Террорчуларга каршы операциянын жүрүшүндө Стамбул полициясы 250дөй адамды камакка алды. Бул тууралуу түрк басылмалары 24-июлда жазып чыгышты.
Бүгүн эртең менен "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрүн жана Күрд жумушчулар партиясынын согушчандарын аныктоо үчүн атайын операция уюштурулган. Рейдге тик учактар, түрк полициясынын 5 миң кызматкери тартылган. Анын жүрүшүндө 140ка чукул үй текшерүүгө алынган. Мындай операциянын уюштурулушуна Сирия менен Түркиянын чек арасынан алыс эмес жерде 20-июлдагы жардыруу түрткү болду. Анда 30дан ашуун адам каза таап, 100дөй адам жаракат алган эле.