Активист: “Кыргыз өкмөтү АКШга жооп кылып Азимжан Аскаровдой кылмышкерине сыйлык бериши керек”

"Кыргыз өкмөтү АКШга жооп кылып Азимжан Аскаровдой кылмышкерге сыйлык бериши керек". Мындай пикирин бүгүн, 24-июлда АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялоого арналган жыйында жарандык активист Бөрүбек Кудаяров билдирди. Анын айтымында, АКШ менен мамилени бузбай, Тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын жиберсе жетиштүү болмок.

Азимжан Аскаровду биз өтө маанилүү адам кылып алдык окшойт. Бир адам үчүн бизге 20 жылдан бери жардам берип жаткан өлкөгө каршы чыктык. Өзүбүзгө ушунча чоң залака келтирип кереги жок болчу. Экинчиден, бул жерде жөн гана саясий оюндар болушу мүмкүн. Анткени Беларусь Курманбек Бакиевге сыйлык бергенде мынчалык реакция болгон эмес, ал эми Азимжан Аскаровго карата катуу позиция көрсөтүлдү”,- дейт активист. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан