Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фтизиатрия улуттук борборунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары табылды
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фтизиатрия улуттук борборунун жооптуу адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларын таап чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2004-2005-жылы борбордун кызмат адамдарынын "К-А" жоопкерчилиги чектелген жана "А.Б.Т." ачык коомдорунун өкүлдөрү менен көмүскө бүтүм түзүп, мыйзам чыгаруунун коюлган талаптарын бузуп, жайларды оңдоо-тейлөө боюнча сатып алуу тендерлеринин иретин өткөрүп, 3 миллион 245 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты сарп кылып ыйгарып алгандары аныкталды. Андан тышкары Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы борбордун жеке турак үйлөрдүн курулушу жүзөгө ашырылган аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө алган. Бул фактылар боюнча 15-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 171-беренесине(ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.