Жылнаама, 25-июль: Мындан 35 жыл мурун советтик бард, акын жана актёр Владимир Высоцкий 42 жашында каза болгон

* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы актриса жана ырчы Асема Токтобекова Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетин, кийин Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган. 
2008-жылы "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" Эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" ("За самый женственный образ") байгесине ээ болгон.
 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте темир жол бекетине жакын аймактагы эстеликтин жанындагы арыктан “Фуджин” дүкөндөр тармагынын директору Гуан Жу Чан катуу сабалган абалда табылган. Оор жаракаттан улам эсине келбей, ошол эле күнү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы советтик бард, акын жана актёр Владимир Высоцкий 42 жашында каза болгон. Өмүр жолу оору, ичимдик, баңгизат менен коштолгону көп айтылган ырчы-актёрдун өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азыркыга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уйкуда жүрөк оорусунан каза болгон деп айтылган. 
Белгилүү советтик акын, актёр, өзү жараткан ырлардын аткаруучусу, прозалык чыгармалардын автору Владимир Высоцкий 1938-жылы 25-январда Москвада төрөлгөн. Высоцкий таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн. Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеген. 
Высоцкий ондогон кинотасмаларда да ойногон. Мисалга алсак, "Жолугуу ордун өзгөртүүгө болбойт" ("Место встречи изменить нельзя"), "Кичинекей кайгылар" ("Маленькие трагедии"), "Интервенция", "Түнт токойдун кожоюну" ("Хозяин тайги"), "Вертикаль", "Кыска жолугушуулар" ("Короткие встречи"), "Жаман жакшы адам" ("Плохой хороший человек") ж.б. 
1985-жылы Михаил Горбачёв бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы Париждеги "Шарль де Голль" аэропортунан учуп чыгып баратып Конкорд авиалайнери кырсыкка учураган. Кырсыктын кесепетинен учактын ичиндеги бардык адамдар (100 жүргүнчү, экипаждын 9 мүчөсү) жана кырсык болгон жерде жүргөн 4 киши каза болгон.
25-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан