Ноокат районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 18-чакырымында болгон. Анда жеңил унаа тосмону сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири каза таап, экөө райондук ооруканага жеткирилген.