Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы 5700 сом акча алып жаткан жеринен кармалды

Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы 5700 сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Аксы районунун тургуну кайрылган. Анда ал аялын операция жолу менен төрөткөндүгү үчүн Таш-Көмүр ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы 5700 сом акча сурап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, дарыгер иш бөлмөсүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (62)
raxatka
2015-07-25 20:44:42
Достор темадан алыстаганыма кечирим сурайм)) мен Москвада жашайм, бугун мага contactan акча которушкан, башка шаардан. Алуу учун банкка барганда менден миграционный карта, патент сурашты. Бир паспорт жетиштуу эмеспи?
0
kirgizstan
2015-07-25 21:08:35
raxatka, кыргызстан паспорту болсо сурайт экен патент эмес регистрации сурайт РФ паспорту барларга салдырбапсын (салдырбапсыз )женил болмок
0
raxatka
2015-07-25 21:36:35
kirgizstan, рахмат жооп жазгандарынызга, жон эле банктын кызматкерлери шылдындашкан го анда, регистрацияны берсем албай коюшкан патент, миграционка керек деп(
0
tursunbaev2004
2015-07-25 21:30:11
raxatka,патент сурабайт,паспорт регистрация жетиштуу
0
zamir_kgz
2015-07-25 22:27:36
Менде бир идея пайда болду, бардык комент окуп чыккан сон: 5000 сомго чейин лимит коюш керек, андан ашканын соттош керек! Кана ким кошулат менин идеяма?
0
bema_bema
2015-07-25 22:55:18
zamir_kgz, туура айтасыз, менин эжеми операция жолу менен тороткондо ачык эле айтып 5000 алышкан
0
PeRa
2015-07-25 22:54:53
Адамдар акчага тойбойбуз, канча болгон сайын , ошончо болсо деп эле турабыз да. Сагызган сактыгынан олбой, суктугунан олот.
0
tabyshmak
2015-07-25 23:22:24
Кармалганы ырас болуптур...
0
Alfiya
2015-07-25 23:57:17
Окуя боюнча мага бир ой келди, бул подставка болушу мумкун. Себеби глав.врач роддомду(озунчо зданияда жайгашкан) кайсы бир депутата сатмакчы болгон, роддом 4 этаж анын 1 эле этажы иштейт, калганы бош турат. Ошого глав.врач роддомду сатып общий больницага кочурмокчу болгон эле, аны угуп калган жергиликтуу тургундар бир сыйра которулушкон саттырбайбыз дешип. Общий больницада болсо роддомду кочуруп барууга орун жок.
+1
nursultan93
2015-07-26 02:54:33
Alfiya, сенин катанды табайын дебем жоон маалыматынды ондоп койойун дедим 3 этаж анан сатуу жонундо соз бул ушак
0
Alfiya
2015-07-27 00:56:41
nursultan93,
Ооба 4 эмес 3 мендеги катачылык. Ал эми ушак кепти мен бул жакка жазып чыкпас элем. Ал жерде общий больницада реанимация болумун да жоюп салышты. Элестеткиле оор оорулууларды покой керек болгон пациенттер менен аралаштырып жатышат, вообще башаламан эле кылып жатышат. Роддомду кочуруу боюнча конкретно эле кеп болгон.
0
Alfiya
2015-07-27 01:09:06
nursultan93,
Мэриянын, ГорКенештеги адамдардын жумушун жакшы билем. Азыркы Мэр менен Тораганын ишмердуулугун да жакшы билем. Ал Эми глав.врач алардын созунон эч качан чыга алган эмес и чыкпайт дагы, Эгер чыкса креслодон жону жок эле шыпырылат. Торага бийлик менен байлыкка ач кенедей жабышкан Адам, роддомду эле эмес общий больницаны да карматып жибере берет. Азыркы системаны билесинер, Тораганын уполномочениеси Мэрге караганда кобуроок, вот Эми глав.врач по любому кааласа каалабаса да Тора
0
Alfiya
2015-07-27 01:10:57
Alfiya,
Торагага баш ийет, кыскасы бул жагы Эми сасык саясат да.
0
chupachups-89
2015-07-26 03:35:11
Alfiya, Болушу мумкун!
+1
nura.177
2015-07-26 00:11:00
Бул акча берип карматкан адам да наадандык кылыптыр, аялы операция болуп торосо анан аялы менен баласынын амандыгын тилеп жон эле берип койо бербейби. Эртен эле ошол болницага куну тушуп келетко . 5700учун кыргызстандын баарына жарыя кылбай.
+1
Rasul_Rahmanaliev
2015-07-26 08:39:47
паракорчулукка пара берген адам күнөөлүү жана жооптуу!!!
0
070707
2015-07-26 08:43:50
Саламатсыздарбы туугандар мен 10 жыл окудум .бирок
биринчи 3000 сом айлыкты алганда аябай окунгонмун врач болгонума .5 жыл болду иштегениме 5ден -6500 сомго чейин айлык алам.мен адамдарга тушунбойм машинасы бузулса 10 -20 мин жон эле берет .озунон аяшат. Акыркы убакта ойлоп кетем ушундан коро автомеханик болуп албай деп.уйдо балдарын кундо акча сураганда ушундай ойлор келе берет экен.
+2
tynara81
2015-07-26 09:11:39
Врачтардын, мугалимдердин айлыгы аз экени талашсыз. Ашыкча акча төлөп бергенге бюджетибиздин чамасы жетпесе, оорукананын кээ бир услугаларын платный кылып койсун да, белгилүү лимит коюп. Анан акчаны өз ишин ийгиликтүү бүткөрүп сурашса мейли, анан ооруулууну жаткырып коюп, акча алып келгенче карабай койгон учурлар болуп атпайбы.. Бул кишиден 5700 сураса, анын үстүнө операция кылып бүткөндөн кийин, ыраа
0
tynara81
2015-07-26 09:14:16
Ыраазы болуп эле берип койбоптур. Бул ошо подстава го менимче, бул врач кимгедир жакпай калган окшойт.
0
tynara81
2015-07-26 09:21:02
Мед. окуу жайга тапшыруу аябай кымбат, ай сайын төлөгөн контрагын айт. Бүткөнчө зачет, экзамендеринин парасы да олчойгон дешет. Анан ушинтип акча менен окууну бүткөндөр ошол акчасын чыгарып алуу үчүн астананы атташың менен ар бир кагазга акча сурап баштайт да. Ал эми өзүнүн ишин ийгиликтүү аткарып акча сурашса, мен сүйүнүп эле бермекмин жана ошентип бүткөргөн
0
hairullo
2015-07-26 10:55:59
Врач эле врач дейсинер, кимин болсо да алдым жуттум коррупцияга аралашкан адамды олум жазасына тартыш керек. Стоп. Даже бир тууганын, ата энен, бала чакан коррупцияга аралашса!!!
0
karona
2015-07-26 13:04:18
Врачтардын айлыгын кобойтуш керек, ошондо алар пара сурабай оз милдетин аткарып калат.
0
bakyt_2015
2015-07-26 23:58:46
karona, Бизде пара алмай деген калбайт эч убакта.Айлыгы тоодой, жургон турганы бут мамлекеттин эсебинен,айына миллиондогон киреше алып келген бизнеси бар депутаттар, президенттик админ. башчы пара алып жатса кайдагы жомокту айтасын.
+1
ROZA-87
2015-07-26 16:15:53
Мммм врачтар го ушинтип акча алып болсо да кобуроок табышат мугалим байкуштарчы копейкаго айлыгы
+1
ertur
2015-07-27 16:35:14
Нарымбаев миндеген доллар менен кармалганда мынча комментарий жазылбаган, чото Таш-Комур десе эле элдин баары интернет чукуп калганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан