Акыркы 6 айда өлкө аймагында 3011 жол кырсыгы катталып, 424 адам каза тапкан. Бул тууралуу кечээ, 24-июлда өткөн Ички иштер органдарынын коллегиясында белгилүү болду.
Ага өкмөт башчы Темир Сариев жана ички иштер министри Мелис Турганбаев катышкан. Коллегиянын жүрүшүндө Сариев ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрү биринчи мыйзамды жана кызматтык дисциплинаны сакташы керек экенин айтты. Ошондой эле өкмөт башчы Жол-кайгуул кызматында иштер жакшы аткарылбай жатканын баса белгиледи.