Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына дайындалды

Бүгүн, 25-июлда президент Алмазбек Атамбаев жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Өкмөткө шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү, ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугу жана шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү милдети жүктөлдү.

Башкы прокуратурага шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшү керектиги да белгиленди.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан