Бүгүн, 25-июлда Чолпон-Ата шаарында Эл аралык “Мейкин Азия” фестивалы жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу концерттин жүрүшүндө фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталып, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Фестивалдын жыйынтыгы төмөнкүдөй:
3-орун (1 миң доллар жана диплом):
Муканбет уулу Аксай (Кыргыз Республикасы)
Яшар Юсуб (Азербайжан)
Шохрух Юнусов (Тажикстан)
2-орун (1500 доллар жана диплом):
Адилет Азимов (Кыргыз Республикасы)
Николай Манолов (Болгария)
1-орун (2 миң доллар жана диплом):
Роза Карапитян (Армения)
Лидия Исак (Молдова)
Ал эми баш байгени Бахрейнден келген ырчы Натали аль-Ганем утуп алды. Жеңүүчү диплом, 5 миң доллар жана статуэтка менен сыйланды.