КРдагы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталды

Кыргызстандагы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум 26-февралда башталды. Бул тууралуу “Кыргыз алтын” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кеңештин мүчөсү Василий Слесарев "алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда. Кылмыш иши ушул жылдын 22-январында козголгон болчу. Сотто “Кыргыз алтын” жана «Grexton Investment Group» ишканалары жабырлануучу катары каралууда. Соттук отурумга «Grexton Investment Group» ишканасынын жетекчиси келбей калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 4-мартка белгиленди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан