Жылнаама, 27-июль: Мындан 74 жыл мурун Лениндин сөөгү Москвадан чыгарылып кетип, кийин күмбөзгө кайра алынып келинген

* Мындан 74 жыл мурун, 1941-жылы Лениндин сөөгү Москвадан чыгарылып кетип, кийин күмбөзгө кайра алынып келинген. Бул боюнча операция жашыруун түрдө аткарылган.

* Мындан 19 жыл мурун, кинорежиссёр, манас таануучу Мелис Убукеев дүйнө салган. Ал 1935-жылы 17-апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Анын "Тайгак кечүү" тасмасы кыргыз кинорежиссёру тарткан туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.

М.Убукеев "Манас" эпосуна терең кызыгып, толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз улуттук илимдер академиясы менен кызматташып, улуу эпос боюнча материал чогулткан, бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. "Манас" дүйнөсүнүн ачкычы катары манасчылардын чыгармачылыгына кайрылып, 1962-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай Каралаев" аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-жылы жарык көргөн "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан.

* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы Львовдо авиашоу учурунда дүйнөлүк авиашоу тарыхындагы эң ири кырсык катталган. Су-27 истребители кулап түшүп, натыйжада 77 киши каза болгон. 

27-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ulukbek_mirza
2015-07-27 02:56:29
ленинге наалат болсун
-3
N.mira
2015-07-27 08:06:43
Эмне учун андай дейсин.наоборот Ленин менен сыймыктанабыз.Ленин улуу жол башчы.элдерге тендик заманын орноткон.
+2
Altysh_Boldush
2015-07-27 15:13:24
N.mira, сен сыймыктана бер Лелин менен. Начар адам болгон. Жер кабыл албайт азыргаче. Мен Кудаймын. Кудай жок деген адамдардын бири ушул. Тооба кылдым
0
Medina87
2015-07-27 08:41:44
Улуу косом Ленин болбогондо биздин кыргыз эли демократия олкодо эмес, капитализмде омур сурсо керек эле..
-1
sladkaja_konfetka
2015-07-27 08:59:46
Ленин болбогондо кыргыздар эбак жок болот болчу, оору-сыркоодон, согуш, уруу-уруу болуп чабышуудан...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан