Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, жээктерди жууп кетүү коркунучу сакталууда

Аба ырайынын кескин жогорулашынан улам мөңгүлөр эрип, өлкөдөгү дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, жээктерди жууп кетүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу 27-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
19-20-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясында суунун көлөмү 120 метр кубга чейин көтөрүлүп, жээктерди жууп баштаган. Кызыл-Туу тосмосунун баш жагынан 45 метр аралыктан баштап 500 метрге чейинки аралыктагы табигый жээкти 8-10 метрге чейин туурасынан жууп кетип, ал жердеги тосмого жана башка турак жайларга коркунучтуу жагдай түзүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин чектелүү болгондугуна байланыштуу тосмону улантууга мүмкүнчүлүк жок. Дамбадан таш карьерине чейин 6500 метр, даярдалган таш жок.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Юрьевка айыл аймагында 25-июлда Ысык-Ата суусунун деңгээли көтөрүлүп, курорт-ден соолукту чыңдоочу жайынан автоунаа көпүрөсүн жууп кетүү коркунучу пайда болууда. Ошондой эле Карагай-Булак айылындагы "Ысык-Ата" курортунун жолун жууп кетүү коркунучу бар. Аламүдүн районундагы Арашан айыл аймагында 21-23-июлда Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын көлөмү көтөрүлүп, Арашан айылында жайгашкан “Электрик” дачалык аймагында ички чарбалык жолдорду суу каптап, дачалык тилкелерди суу каптоо коркунучу жаралган. Байтик айылында, Труд дача тилкесинде, "Ала-Арча" сейил багында, Маевка айыл аймагында, Таш-Дөбө айыл аймагында, Сокулук районунда дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, жээктерди жууп кетүү коркунучу сакталууда. 
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагында Балык завод тилкесинде 2015-жылдын 23-июлунда саат 14:00 чамасында абанын температурасынын жогорулашына жана мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу Тоң суусуна Ак-Сай жана Кара-Суу суулары кошулуп, деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен 200 метр дамбанын 70 метр аралыгын жана 30 метр узундуктагы жолду суу жеп кеткен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан